Ош: Медициналык борбордун имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү
Новость

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Ош шаарындагы  медициналык борбордун имаратына инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүү Ленин көчөсү №2/1 дарегиндеги “Клиника Ош” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан  курулуш объектисинде өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты - аталган объектинин курулуш иштери мамлекеттик ченемдерге жана сейсмикалык коопсуздук талаптарына шайкештигин аныктоо. Иш-чаранын журүшүндө адистер имараттын долбоордук документтерин кылдат карап чыгып, конструкциялык бөлүктөрүнүн ишенимдүүлүгүн баалоого багытталган өлчөөлөрдү жүргүздү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.