Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков 17-18-март күндөрү Сакарья провинциясына иш сапары менен келди.
Иш сапарынын алкагында провинциянын губернатору Рахми Доган менен жолугушту. Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы достук мамилелердин алкагында аймактар аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Айрыкча соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестицияларды тартуу, билим берүү жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну чыңдоо, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана ишкерлер ортосунда түз байланыштарды түзүү маселелери сүйлөшүлдү.
Мындан тышкары, Сакарья провинциясында жашап жана эмгектенип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын абалы, алардын укуктарын коргоо жана социалдык маселелери талкууланды. Бул багытта жергиликтүү бийлик менен мындан ары да тыгыз кызматташуу улантылары белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдирди.