Бүгүн, 18-мартта Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарындагы курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту.
Жыйынга Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Манас шаарында курулуп жаткан ири объектилердин подряддык уюмдары катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Манас шаарында курулуп жаткан социалдык маанидеги ири объектилерде мыйзам талаптарынын сакталышы, долбоорлоо иштеринин сапаты, курулуштун сметалык наркы жана курулуш иштерин баштоодо белгиленген тартиптин аткарылышы талкууланды.
Белгилей кетсек, буга чейинки текшерүү учурунда айрым курулуш объектилериндеги каржылык тартип бузуулар жана сметалык каражаттарды негизсиз көбөйтүү фактылары аныкталган.
Мындан улам, Министр бир катар объектилерди кайрадан карап чыгуу зарылдыгын билдирди. “Манас шаарында 6 млрд 800 млн сомго курулуп жаткан облустук филармониянын курулушу убактылуу токтотулат. Объекттин долбоору кайрадан каралып чыгып, кийинки этапта анын көлөмүн оптималдаштыруу мүмкүнчүлүгү каралат”-деди Нурдан Орунтаев.
Ошондой эле Манас шаарынын мэриясынын карамагында курулуп жаткан бир катар ири объектилер Курулуш министрлигинин түз карамагына өткөрүлөрүн маалымдады.
Алар:
- Ю.Абдрахманов көчөсүндөгү 5200 орундуу жабык типтеги көп функционалдуу спорт сарайынын курулушу;
- Глинка көчөсүндөгү 7 кабаттуу облустук оорукананын жаңы корпусунун курулушу;
-Р.Азимов көчөсүндөгү Президенттик "Акылман” лицейинин филиалынын курулушу;
- Курманбек көчөсүндө курулуп жаткан облустук филармониянын жаңы имараты;
- Курманбек көчөсүндөгү заманбап шаардык музейдин курулушу;
-Насостук станциянын, резервуардык жөнгө салуунун, түтүк өткөргүчтөрдүн жана ирригациялык тармактардын курулушу.
Ошондой эле, министрлик Сузак районунун Багыш айылындагы эс алуу багынын жана Чаткал районунундагы оорукананын курулушун көзөмөлгө алат.
Курулуш министри жыйындан соң аталган объектилердин долбоору жана курулуш аянты менен таанышып чыкты. Мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан текшерүү иштери толук жыйынтыкталгандан кийин тиешелүү чечимдер кабыл алынат.
Аталган иштер, Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык курулуш тармагындагы көзөмөлдү күчөтүүгө, объектилерди өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүгө жана бөлүнгөн мамлекеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга багытталган.
Ошондой эле Манас шаарындагы башка курулуш иштеринин жүрүшү белгиленген тартипте улантылары кошумчаланды.





