Бүгүн, 18-мартта МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук банкынын борбордук аппаратына жаңы төрага Алмаз Бакетаевди тааныштырды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улуттук банктын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, жаңы төраганын жетекчилиги астында жөнгө салынуучу органдын иши банк секторун мындан ары өнүктүрүүгө, акча-кредит саясатынын натыйжалуулугун жогорулатууга, өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталат деген ишенимин билдирди.
Ошондой эле ал Улуттук банктын төрагасына жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.




