Бишкек: 600 гараждын ордуна жаңы мектеп курулат
Новость

Курулуш министрлиги тарабынан борбор калаадагы Садыгалиев жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишиндеги жерге жаңы 2 кабаттуу мектеп курулууда.

Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, мектеп заманбап үлгүдө салынат. 

Башкы план боюнча имарат 5 блоктон турат, аянты 3680 чарчы метрди түзөт. Заманбап окуу класстар, эмгек кабинеттери, компьютердик класс, жыйындар залы, ашкана жана бардык шарттары менен спорт зал каралат. Мындан тышкары жайкы футбол, волейбол  аянтчалыры да болот. 

Учурда жер казуу иштери аяктап, топурак тапталып жатат.