Таласта мыйзамсыз берилип кеткен жер мамлекетке кайиарылды
Новость

Талас шаарында жалпы наркы 16 млн 948 миң 600 сомду түзгөн 0,34 га жер тилкеси жана кампа курулмалары мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас шаарынын прокуратурасы тарабынан жер жана мүлк мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 1996-жылы Талас райондук ветеринардык башкармалыгына таандык болгон аянты 0,34 га жер тилкеси жана кампа курулмалары мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган. 

Көрүлгөң чаралардын негизинде аталган кыймылсыз мүлктөр мамлекеттин менчигине кайтарылды.