Талас ОИИБде Орозо айт жана Нооруз майрамына карата гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү
Новость

Бүгүн 19-мартта  Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдында Орозо айт жана Нооруз майрамына  карата гарнизондук саптык кароо болуп өттү. 

Гарнизондук саптык кароого  Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, Талас ОИИБдин башчысы Бактыбек Нарчаев,  Талас шаарынын ички иштер бөлүмүнүн, Талас облустук ЖКККБнын, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Талас облусу боюнча Атайын операциялар отрядынын, ИИМдин Күзөт кызматынын Талас шаарындагы бөлүмүнүн башчылары жана өздүк курамы, ӨКМ, РЭС, Саламаттыкты сактоо кызматы жана элдик кошуундар катышты. Ошондой эле аталган бөлүмдөрдүн кызматтык автоунаалары тартылды.

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев өздүк курамды Орозо айт жана Нооруз майрамы менен куттуктады. Башкармалыктын башчысы Бактыбек Нарчаев майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти, жарандардын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Өздүк курам арасында мыйзамдуулукту бузууга жол бербөө, кызматтык тартипти сактоону талап кылды. 

Саптык кароонун жүрүшүндө  кызматкерлердин майрам күндөрү коопсуздукту камсыздоодогу даярдыгы текшерилип, соңунда өздүк курам жана кызматтык автоунаалар саптык жүрүштөн өтүштү.

Белгилей кетсек, алдыдагы майрам күндөрүндө Талас облусунун аймагында 300дөн ашуун милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздайт.