Дүйнөлүк Көчмөндөрдүн Оюндарынын Эл аралык катчылыгы эл аралык кызматташууну кеңейтүүдө.
2026-жылдын 10-мартында Катчылык Эл аралык «Көк-Бөрү» ассоциациясы менен келишим түздү. Ага ылайык, ассоциация Дүйнөлүк Көчмөндөрдүн Оюндары –2026 алкагында көк-бөрү боюнча мелдештерди уюштурат.
Буга чейин алыш күрөшү боюнча да кызматташуу келишими түзүлгөн. Ошондой эле Якутия менен улуттук спорт түрлөрү боюнча өнөктөштүк талкууланган.
Эскерте кетсек, Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында өтөт. Программага 43 улуттук спорт түрү киргизилген.

