Бишкек-Күнтуу-Шопоков унаа жолу 4 тилкеге чейин кеңейтилет
Новость

Бишкек-Кунтуу-Шопоков унаа жолун реконструкциялоо боюнча пландалган иштер активдүү темпте улантылууда. Учурда жолдун 0-3,9 чакырым аралыгында жол четине бордюрлар орнотулуп, Күнтуу айылынын ичиндеги тротуарларга асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мындан сырткары, Күнтуудан Токбай айылына чейинки тилкеде жолдун негизи бекемделип, Токбайдан Кара-Сакал айылына чейинки бөлүктө бак-дарактар кыйылып жатат. 

Долбоор Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин алкагында каржыланып, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мам.ишканасынын №1 Жол куруу башкармалыгы тарабынан ишке ашырылууда.

Унаа жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырым. Анын 6,7 чакырымына былтыр асфальт-бетондун биринчи катмары төшөлгөн.

Долбоорго ылайык, жол төрт тилкеге чейин кеңейтилет жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар курулуп, заманбап жарыктандыруу системасы орнотулат, кыйылган бак-дарактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулат.