Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 19-мартта, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме болуп өттү.
Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялардын фонунда Кыргызстандын улуттук коопсуздугун, анын ичинде азык-түлүк жана энергетика тармактарындагы коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмеси боюнча сунуштарды беришти.
Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдардын жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине тиешелүү тапшырмалар берилди.






