Таластагы сугат каналдарын тазалоого 230 млн сом бөлүндү
Новость

Быйыл Талас облусунун аймагындагы сугат суу каналдарын оңдоп, тазалоо үчүн 230 млн сом бөлүнгөн. Бул туурасында Талас облустук Башкы суу чарба башкармалыгынан билдиришти.

Таластык дыйкандарга сугат сууну өз учурунда, коромжусуз берүү үчүн облустагы каналдарды оңдоо иштери башталды. Учурда Талас башкы суу каналында оңдоо иштери жүрүп жатат.

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев Талас облусундагы оңдоого муктаж болгон каналдарды кыдырып, жеринен көрүп чыкты. Буга чейин облустагы элдик жыйындарда эл тарабынан көтөрүлгөн сугат көйгөйлөрүн жеринен көрүү үчүн облус башчысы Талас районундагы сугат каналдарын кыдырды. Ага ылайык айрым айыл өкмөттөрүнүн балансында турган сугат каналдарын облустук Башкы суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп, ремонт иштерин тезинен баштоону тапшырды. Ошондой эле суу сактоочу жайларды тазалоо үчүн 100 миң сом бөлүп берээрин да билдирди.

Талас облусунда ушул тапта сугат суу бериле баштады. Учурда 9 каналда суу коё берилген.