Таластагы Айт намазга 5 миңге жакын адам катышты
Новость

Бүгүн, Талас эли Талас шаарынын борбордук аянтында Айт намазын окушту. Айт намазга 5 миңге жакын адам чогулду. Намазга жергиликтүү тургундар 7:30 чогулушту.

Аянтка чогулган элдин коопсуздугу милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө болду.

Айт намазга Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Талас облусунун казысы Нийматилла ажы Топчиев жана башка мамлекеттик кызматкерлер катышты.

Облус башчысы Эрмат Жумаев жалпы Талас элин Айт майрамы менен куттуктап эли жерибизге тынчтык каалады.

Эске салсак, бүгүн Талас облусунда коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн 300 дөн ашуун милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.