Бата менен сүмөлөк ачуу жөрөлгөсү башталды
Новость

Нооруз майрамынын урматына жасалган  сүмөлөк ачуу жөрөлгөсү башталды. Алгач бата берилип, тилектер айтылууда.

10 сааттан ашык сүмөлөк кайнаткан апалар асманыбыз ачык болуп, өлкөдө, анын ичинен Теңир-Тоо элине өнүгүү каалап, жалпы журтка ынтымак мол ырыскы тилек кылышууда. 

Түнү менен Нарында 41 казан сүмөлөк кайнатылды. Учурда комиссия ар бир казанды ачып, анын үстүнө түшкөн сүрөттү чечмелеп, ооз тийип жатышат.