Казанда тоо, көл жана түндүк: Жыйынтыкты күттүргөн Буранадагы сүмөлөк таймаш
Новость

Чүй районундагы Кегети айылындагы “Келечек” бала бакчасынын жамааты Нооруз майрамына карата уюштурулган сүмөлөк кароо-сынагына активдүү катышты.
Аталган бала бакчанын өкүлү Сонункан Маткеримованын айтымында, алар сүмөлөктү кечээ саат 10:00дөн тарта түнкү саат 00:00гө чейин кайнатышкан.


“Биз сүмөлөктү кайнатып, андан соң жаап, демдеп коюп кеткенбиз. Эртең менен казанды ачканда анда тоо, көл жана көлдүн так ортосунда түндүк, куштун башы менен жайылган канаттары сыяктуу белгилер пайда болгонун көрдүк”, — деди ал.

Маалыматка ылайык, сынакка жалпысынан 11 команда катышкан. Ар бир команда 8 адамдан турган.
Катышуучулардын ар бири орточо 80 литрден сүмөлөк кайнатышкан. Кайноо процессинен кийин анын көлөмү болжол менен 30 литрге чейин азайган.
Сонункан Маткеримова белгилегендей, фестивалга келген элдин саны көп болуп, даярдалган сүмөлөк толугу менен таратылып кеткен.
Учурда катышуучулар сынактын жыйынтыгын күтүп жатышат. Белгилей кетсек, сүмөлөк кароо-сынагынын баш байгеси 50 миң сомду түзөт.