Буранада Нооруз майрамында койдун башын бөлүү сынагы өттү
Новость

Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Бурана айылында Нооруз майрамына байланыштуу ар түрдүү сынактар өткөрүлүүдө. Алардын бири катары койдун башын 40тан ашуун бөлүккө бөлүү жана аны туура түшүндүрүп көрсөтүү сынагы уюштурулду.

Сынакка 10 катышуучу катышууда.
Активист Аманбол Бабакуловдун айтымында, сынак негизинен баштын бөлүнүшү, кулагын жана көзүн ким жеш керектиги боюнча эрежелерди көрсөтүүгө багытталган.

“Баштын сөөгүнүн бөлүнүшү ар облуста ар башкача. Мисалы, Таласта аксакалга тартылса, көлдө кичүүсү жейт. Койдун башы негизинен 42 сөөккө бөлүнөт. Биз муну өткөрүп жүргөнүбүз. Быйыл Чүй элинин баш бузуу салтын көрсөтүп кетели дедик”, — деди ал.

Белгилей кетсек, сынакка катышкандар үчүн кой союу жана баш бузуу боюнча акчалай сыйлыктар каралган.