Президент Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова Нарында Нооруз майрамына катышышты
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Нарын шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына катышты. 

Иш-чаранын башталышына чейин Мамлекет башчысы жана Биринчи айым Айгүл Жапарова кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган боз үй инсталляциясын көрүштү.

Экспозиция төрт боз үйдөн туруп, алардын ар бири улуттук маданияттын өзүнчө бир аспектисин чагылдырды. Биринде салттуу колдонмо искусствонун түрлөрүн көрсөткөн элдик усталар тааныштырылды. Экинчисинде манасчылар “Манас” эпосунан үзүндү аткарышты. Өзүнчө бир боз үй салттардын уланмалуулугун жана элдин биримдигин символдоштурган сүмөлөктүн ачылыш аземине жана андан даам татуу жөрөлгөсүнө арналды.

Концерттик программанын алкагында Нооруз майрамынын маанисин жана рухун ачып берген пролог тартууланды. Көркөм-символикалык формада жаратылыштын образдары, күн менен түндүн алмашуусу, жердин ойгонушу, ошондой эле Умай эне менен Баба дыйкандын образдары аркылуу майрамдын башаты, тазалануу, жаңылануу, береке жана муундардын уланмалуулугу идеялары көрсөтүлдү.

Андан соң Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүн сүйлөп, мамлекеттик майрамдарды өлкөнүн аймактарында өткөрүү элдин биримдигине өбөлгө түзгөн жакшы салт болуп калганын белгиледи. 

Быйыл Нооруз майрамы өлкөнүн тарыхый жана руханий мааниси бар аймактарынын бири болгон Нарын шаарында өтүүдө.

Мамлекет башчысы кыргызстандыктарды, чет өлкөдөгү мекендештерди, ошондой эле дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн Нооруз майрамы менен куттуктап, баарына тынчтык, бакубатчылык, ынтымак жана биримдик каалады. 

Иш-чара концерттик программа менен уланды. Көрүүчүлөргө Нарын облусунун кооздугун, тарыхый мурасын, маданий баалуулуктарын жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн символдорун чагылдырган театралдаштырылган композиция тартууланды. Сахналаштырууда өлкөнүн жаралуу, өнүгүү жана күч-кубатынын жалпы идеясы менен бириктирилген музыкалык, хореографиялык жана визуалдык элементтер колдонулду.