Стамбулда Нооруз майрамы белгиленди
Новость

21-мартта Стамбул шаарындагы Topkapı Türk Dünyası Kültür Mahallesi аймагында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чынгыз Токтобеков, мекендештер жана студенттер катышты.

Программанын алкагында делегация маданий үйлөрдү жана улуттук чатырларды зыярат кылып, катышуучу өлкөлөрдүн маданияты, каада-салты жана улуттук ашканасы менен таанышты.

Кыргыз улуттук чатырында салттуу буюмдар көргөзүлүп, бешбармак, боорсок сыяктуу улуттук тамак-аштар сунушталды. Ыр-күүлөр жана бийлер тартууланды.

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу улуттук дасторкон жайып, 300 кишиге ылайыкталган бешбармак даярдап, келген меймандарга сунуштады.

Иш-чара Ali Emiri Efendi Kültür Merkezi маданият борборунда фольклордук концерт менен жыйынтыкталды.

IMG_0002.jpg 1.39 MB