Кыргызстан менен Черногория жаңы кызматташтык баскычка өттү
Новость

Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Учурда Бишкекте ал тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушуп, эки өлкөнүн саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыгын талкуулашууда.

Жоолугушууда эки тарап виза режимин жеңилдетүү, туризмди өнүктүрүү жана ар түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Ошондой эле иш сапардын алкагында Кыргызстанда Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылды.