Президентке караштуу академиянын жана мамлекеттик архивдин имараты ири реконструкциядан өтүүдө
Новость

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Президентке караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы, Борбордук мамлекеттик архиви жана Президенттин Архивинде жүргүзүлүп жаткан реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бүгүнкү күндө объектилерде ички жана тышкы оңдоо иштери активдүү жүрүп, инженердик тармактар жаңыланып, фасадды калыбына келтирүү жана имараттарды жылуулоо иштери жүргүзүлүүдө.

Министр капиталдык оңдоо жана имараттарды модернизациялоо иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, аталган объектилер өз тарыхында биринчи жолу мындай масштабдагы реконструкциядан өтүп, заманбап талаптарга ылайык жаңыланууда. Курулуш иштери министрлик тарабынан ишке ашырылууда.