Барскоон – Каракол жолуна 8 ɵтмɵк курулат
Новость

Ысык-Көл айланма жолунун Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки 141–216-чакырым аралыгын реконструкциялоо иштери активдүү уланууда. Подрядчы тарабынан 143 атайын техника тартылып, мобилизациялоо иштери толук аяктады.

Учурда жол четин кеңейтүү, лотокторду орнотуу жана сүрүп-тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Барскоон — Каракол автожолун 75 чакырымын реконструкциялоого старт берилген.  

Долбоордо 5 кɵпүрɵнү куруу, 8даана жер алдынан ɵтүүчү ɵтмɵк, калк жайгашкан жерлерде тротуар, жарыктандыруу каралган.  Курулуш иштери 2025–2028-жылдардын аралыгында бүткөрүлөт. Кепилдик мөөнөтү — 5 жыл. 

Бул долбоор аймактагы транспорттук байланыштарды жакшыртып, туристтик агымды көбөйтүүгө жана жергиликтүү калк үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.