Ош: Мектептердин аймагында зыяндуу тамак-аш азыктарын сатууга тыюу салынууда
Новость

Ош шаарындагы мектептердин аймагындагы дүкөндөрдө зыяндуу тамак-аш азыктарын сатууга тыюу салуу боюнча рейд башталды.

Маалыматка караганда, иш-чаранын алкагында санитардык-эпидемиологиялык кызмат тарабынан зыяндуу деп табылган азыктар сатуудан алып салынды. Бул чаралар мектеп окуучуларынын ден соолугун коргоо максатын көздөйт.

Белгилей кетсек, соода түйүндөрүнүн ээлерине жогорудагы талаптарды сактоо боюнча алдын ала эскертүүлөр берилген.