Бүгүн, 24-мартта Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна иш сапары менен келди.
Сапардын алкагында төрага облуста курулушу жүрүп жаткан бир катар объектилерди кыдырып, курулуштун жүрүшү менен таанышты. МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев курулуштардын сапатына айрыкча көңүл бөлүүнү тапшырды.
Эске салсак, Таласта 5300 орундуу стадион, Президенттин “Акылман” лицейи, “Баластан” балдардын заманбап оюн-зоок борбору жана Нуржанов аллеясы курулуп, Улуттук “Манас” Ордо коплекси реканструкциядан өтүп жатат. Аталган курулуштарды өлкө эгемендүүлүгүнө чейин бүткөрүү пландалган.











