Кыргыз журналисттери Душанбе телеканалында
Новость

Кыргызстандык журналисттер Тажикстан Республикасына болгон сапардын алкагында бүгүн «Душанбе» телеканалына барышты. Телеканалдын жамааты конок кесиптештерин жылуу маанайда тосуп алышты.

Телеканалдын башкы директору Маруфжон Окилзода мекеменин тарыхы, калыптануу жолу тууралуу маалымат берип, коноктор үчүн экскурсия уюштурду.

Белгилей кетсек, бул иш-чара мамлекет башчыларынын тапшырмасынын негизинде, эки өлкө ортосундагы маалыматтык кызматташууну тереңдетүү максатында пресс-катчылар тарабынан уюштурулган.

Кыргызстандык журналисттердин делегациясынын сапары 22-марттан 27-мартка чейин уланат.