Бүгүн, 24-мартта Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда Талас шаарында Юстица үйү ачылды.
Юстиция министрлигинин Талас облусундагы башкармалыгынын жаңы имараты 2 кабаттан туруп, кызматкерлер үчүн бардык заманбап шарттар камтылган. Курулушка мамлекеттик казынадан 30 млн сомдон ашуун каражат жумшалган.
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жаңы имараттын шарттары менен таанышып, жарандарга укуктук жардам көрсөтүүлөрдүн сапаты жакшыраарын белгиледи.
Жаңы ачылган Юстиция үйү жарандарга юридикалык жана мамлекеттик кызматтарды бир жерде, ыңгайлуу шартта алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Борбордо жарандар укуктук консультацияларды алып, мамлекеттик кызматтар боюнча маалыматка ээ болуп, ар кандай документтерди тариздөө жана башка укуктук кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Юстиция үйүнүн ачылышы жарандар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана укуктук жардамды элге жакындатууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.



