Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында, быйыл Талас облусунда өтө турган Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган мамлекеттик маанидеги майрамдык иш-чараны өткөрүүгө даярдыктарды көрүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү.
“Президент бардык аймактардын өнүгүүсүнө катуу басым жасагандыгы үчүн жыл сайын мамлекеттин номер биринчи майрамы ар башка аймакта өткөрүлүп жатат. Бул өлкөбүзгө салт катары кирди. Ошондуктан Талас жергесине өтө турган быйылкы майрам мурунку жылдардан дагы күчтүү, кызыктуу, мазмундуу жана жогорку уюшкандыкта өтүүгө тийиш”-деген МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, жаңы реформалар, ири инфраструктуралык долбоорлор жана социалдык өзгөрүүлөр аркылуу мамлекеттин жаңы доорун түзүп жатканын белгиледи.
Көчмө жыйында Көз карандысыздык күнүн майрамдоонун алкагында ачыла турган – пландаштырылган объекттер жана майрамдык концерттик программанын жалпы концепциясы туурасында баяндамалар жасалды.
Жыйындын жыйынтыгында МинКаб башчысы алдыдагы иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулуп, ар бир деталына чейин так даярдалышы зарылчылыгын баса белгилеп, жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берди.





