Таласта райондук Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды
Новость

Бүгүн, 24-мартта Талас облусуна караштуу Талас районунда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Талас райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы болду.

Иш-чарага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, жергиликтүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери, архитекторлор жана райондун тургундары катышты.

Курулуш министри өз сөзүндө, айыл жана шаарлардын инфратүзүмүн өнүктүрүүдө архитектура жана архитекторлордун салымы зор экенин белгиледи. Ал эми жаңы имарат аймактык башкаруунун ишин натыйжалуу жүргүзүүгө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү объект экенин кошумчалады.

Жаңы административдик имарат Көк-Ой айылынын Манас көчөсү 80 дарегинде жайгашкан. Курулушу 2025-жылдын август айында башталып, министрликтин ички ресурстарынын эсебинен курулду. 

Долбоорго ылайык, жалпы 276 чарчы метрди ээлеген эки кабаттуу имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмөлөр бар. Заманбап стандарттарга ылайык курулган имаратта кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар, жарандар үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү.

Белгилей кетсек, аталган башкармалыктын кызматкерлери буга чейин 1973-жылы турак үй багытында курулган имаратта иштеп келген.