Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу 31-мартта аяктайт
Новость

Кыргызстанда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу акциясы 31-мартта аяктайт. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акция аяктагандан кийин айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн 1389 сом өлчөмүндөгү төлөм алынат.

Ошол эле учурда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү 31-декабрга чейин 083 формасындагы медициналык маалымкатсыз алмаштыруу мүмкүнчүлүгү сакталат.

Белгиленгендей, акциянын алкагында өлкө боюнча 335 миңден ашык жаран айдоочулук күбөлүгүн жаңылоого жетишти.