Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүн камтыган статистиканы жарыялады. Ага ылайык, Кыргызстан алтын-валюта резервин топтоо боюнча Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн арасында биринчи орунда турат.
Өткөн жылы республиканын бул жааттагы көрсөткүчү 70,1 пайызга өсүп, 8,5 миллиард долларды түзгөн. Ал эми экинчи орунда 61 пайыздык өсүш менен Беларусь турат. Белгилей кетсек, алтын-валюта резервдери улуттук валютанын курсун кармап турууга жардам берет.