Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын концерттик залында, Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин биринчи жолку жаштар Дельфий оюндарынын ачылыш аземи өттү. Иш-чара 28-мартка чейин уланат.
Бул ири маданий форум жаштар арасындагы эл аралык кызматташууну чыңдоого, маданий алмашууну өнүктүрүүгө жана достук мамилелерди бекемдөөгө багытталууда. Жалпысынан 9 өлкөдөн келген 700гө жакын катышуучу бар. Программага жалпы сегиз сынактык номинация киргизилди. Алар фортепианодо ойноо, сүрөт өнөрү, элдик жана эстрадалык ыр, элдик бийлер, диджейлик искусство, элдик аспаптарда ойноо жана колдонмо сүрөт өнөрү.
Быйылкы Дельфий оюндарынын өзгөчөлүгү - биринчи жолу муниципалитет тарабынан толугу менен каржыланып жана уюштурулуп жатканы, ошондой эле инклюзивдүүлүккө өзгөчө көңүл бурулганында.
Белгилей кетсек, иш-чара 28-мартка чейин уланат.