Бишкек: Искусство университетине 5 кабаттуу кошумча окуу корпусу курулууда
Новость

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинде курулуп жаткан 5 кабаттуу кошумча окуу корпусунун жүрүшү менен таанышты.

Жаңы имарат окуу жайдын негизги корпусуна чектеш, Бишкек шаарынын Жантөшев көчөсү 113 дарегинде курулуп жатат. Учурда темир-бетон каркасынын монтаждоо иштери 3-кабатка чейин жетти. Ал эми жертөлө кабатында кыш коюу иштери толугу менен аткарылып, 1-кабаттын дубалдары 40% аяктап калды.

Министр тиешелүү жетекчилерге курулуш иштеринин сапатына жана иштин аткарылыша өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Долбоорго ылайык, окуу корпусу 4 кабаттуу “А” жана 5 кабаттуу “Б” блоктордон туруп, окутуучулар жана студенттер үчүн бардык зарыл болгон заманбап шарттарды камтыйт. Жаңы имараттын пайдаланууга берилиши окуу процессинин сапатын жогорулатууга жана университеттин материалдык-техникалык базасын чыңдоого өбөлгө түзөт.