Ала-Арча суу сактагычынын аймагындагы жазында сууга чөгүп, элдин көңүлүн бурган парк бүгүн таштандынын арасында калды. Жаратылыштын кооздугуна карабастан, аймакта санитардык талаптар сакталбай жатканы байкалууда.
Аталган аймакта таштандыны белгиленбеген жерлерге таштоо фактылары боюнча 30 протокол түзүлүп, жалпы 436 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле кургак чөптөрдү жана таштандыларды өрттөө учурлары аныкталды.
Укук бузууларды аныктоо жана алдын алуу максатында Муниципалдык инспекция тарабынан рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп, дрондор колдонулууда.
Жыл башынан бери таштандыны уруксат берилбеген жерлерге таштоо фактылары боюнча жалпысынан 501 протокол түзүлүп, 6 миллион 432 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, экологиялык багытта жыл башынан бери 31 рейд жүргүзүлүп, 247 чарба субъектиси текшерилди. Анын жыйынтыгында 88 протокол түзүлүп, 1 миллион 171 миң 500 сом айып пул салынды.


