Президент Садыр Жапаров ЕККУнун Башкы катчысы Феридун Синирлиоглуну кабыл алды
Новость

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Башкы катчысы Феридун Синирлиоглуну кабыл алды. 

Кыргызстандын ЕККУ менен кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери, ошондой эле биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн Уюмдун өлкөдөгү долбоордук ишмердүүлүгүн кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Мамлекет башчысы соңку жылдары Уюмдун алкагында өз ара аракеттенүү абдан активдүү өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилеп, Кыргызстан менен ЕККУнун делегацияларынын үзгүлтүксүз өз ара сапарларына көңүл бурду.

Садыр Жапаров ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ишмердүүлүгүн жогору баалап, азыркы тапта өлкөдө уюм тарабынан 22 долбоор ишке ашырылып жатканын айтты. Уюмдун региондогу ишмердүүлүгү учурундагы эң ийгиликтүү долбоорунун бири болуп борбор калаадагы ЕККУнун Академиясы саналат.

Ал ошондой эле ар кыл тармактарда, анын ичинде сот жана укук коргоо системаларын реформалоо, санариптештирүү жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле адам укуктарын жана демократиялык эркиндиктерди камсыздоо боюнча көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн Уюмга ыраазычылык билдирди.

Президент Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну бекемдөө тууралуу айтып жатып, бул багыт Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири экенине өзгөчө токтолду. Ал Башкы катчынын сапары Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек аралары боюнча маанилүү тарыхый келишимдерге кол коюлуп, алардын күчүнө киргенинин жылдыгына туш келгенине көңүл бурду.

Бул контекстте Садыр Жапаров өлкө ЕККУнун туруктуу тынчтыкты сактоо жана аймагыбыздын чектеш аймактарында ишенимди бекемдөө чараларын ишке ашыруу боюнча ишмердүүлүгүн колдой турганын белгиледи. 

Өз кезегинде Феридун Синирлиоглу жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан акыркы жылдары социалдык-экономикалык өнүгүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишкенин айтты. 

Ал Кыргызстандын демократияны өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерин, ошондой эле парламенттеги жана жалпысынан саясаттагы аялдардын кеңири өкүлчүлүгүн баса белгиледи.

Мындан тышкары, Феридун Синирлиоглу Кыргызстандын коңшулаштык жана ишенимдүү мамилелерди курууга негизделген жана эл аралык укуктун принциптерин карманган тышкы саясатына токтолду. Буга байланыштуу ЕККУнун Башкы катчысы Президент Садыр Жапаровдун Борбор Азиядагы аймактык коопсуздукту жана кызматташтыкты камсыздоого кошкон салымын өзгөчө белгилеп өттү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров дүйнөдөгү азыркы татаал геосаясий кырдаалга, Жакынкы Чыгышта, анын ичинде боордош өлкөлөрдө миңдеген жай тургундар жабыркап, маанилүү инфраструктура талкаланып жаткан жаңжалга тынчсыздануусун билдирди. 

Жыйынтыгында тараптар бардык талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.