"Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолун курууда 5 миңден ашуун адам жана 5,6 миңден ашуун техника иштеп жатат
Новость

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол долбоорун ишке ашырып жаткан компаниянын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш аянттарында кеңири масштабдагы иштер башталган: 5 миңден ашуун адам жана 5,6 миңден ашуун техника тартылган. Негизги басым туннелдерди казууга, жер иштерине жана көпүрөлөрдү курууга жасалууда. Бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 3,5 млн куб метрден ашык жер казуу иштери аткарылган.

Ошондой эле, бүгүнкү күндө темир жол курулушу боюнча негизги долбоордук материалдар даярдалып, чиймелерди тактоо жана тиешелүү макулдашуулар жүргүзүлүүдө.

Өз сөзүндө министр Эрлист Акунбеков долбоорду ишке ашырууда коопсуздук жана экологиялык талаптарды так сактоо зарылдыгын өзгөчө белгиледи.