Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга жумуш сапары менен барды
Новость

Бүгүн, 26-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына жумуш сапары менен барды 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын учагы Шымкент шаарынын эл аралык аэропортуна конду. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевди Казакстандын Премьер-министринин орун басары - Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министри Жаслан Мадиев жана башка расмий адамдар тосуп алышты. 

Аэропорттун флагштокторуна Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, ардактуу кароол тизилди.

Эске сала кетсек, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына ошондой эле, “Digital Qazaqstan – 2026” (Санарип Казакстан - 2026) эл аралык санарип форумуна катышат.