Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чынгыз Токтобеков Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн “Silk Road Insurance Forum” эл аралык форумуна катышуу үчүн келген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ачык акционердик коомунун төрагасынын орун басары Салават Садыракунов, төраганын орун басары Закир Айдралиев, Чүй филиалынын директору Абдуталип Султанов, Ош филиалынын директору Марат Кудайбергенов жана юридикалык башкармалыктын начальниги Дыйканбай Болотбеков катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын камсыздандыруу тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашты.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлдөрү Стамбул шаарында өтүп жаткан аталган форумга катышууда. Анын алкагында алар Түркиянын алдыңкы камсыздандыруу компаниялары менен өз ара кызматташуу маселелерин талкуулады.
Ошондой эле форумга Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлү да катышты.

