Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты.
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги отуруму башталаар алдында, саламдашуу жана биргеликте сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегация башчылары жыйынга катышуу үчүн залга өтүштү.
Күн тартибинде ЕАЭБдин алкагында экономикалык интеграцияны мындан ары тереңдетүүгө жана ар тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүнө багытталган бир катар маселелер каралды.
Белгилей кетсек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары: Беларусиянын Премьер-министри Александр Турчин, Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Армениянын Вице-премьер-министри Мгер Григорян, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйыны эртең 27-мартта улантылып, ондон ашуун маселе каралат.






