Ош: 44 жыл мурун курулган мектеп жаңыланууда
Новость

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылындагы №104 С.Нышанбаев мектебинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Каржылоо мамлекеттик казынадан каралып, тендердик баасы 64 миллион сомду түзгөн. 

Билим уя 1981-жылы курулуп,  буга чейин бир дагы жолу оңдоодон өткөн эмес. Чатырынан суу өтүп, имарат эскирген. 

Былтыр, 2025-жылы Курулуш министрлиги тарабынан мектепти жаңылоо иштери башталган. Имараттын чатыры, жылытуу системасы алмаштырылып, заманбап үлгүдө жасалууда. Учурда 450 окуучу билим алууда.