Талас шаарында 37 үй-бүлө социалдык келишим менен 150 миң сомдон алышты
Новость

Бүгүн, 27-мартта Талас шаарында 37 үй-бүлөгө мамлекеттин “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында 150 миң сомдон сертификаттар тапшырылды.

150 миң сомдон алган үй-бүлөлөрдүн басымдуу бөлүгү каражаттарын соода-сатык тармагына, кондитердик азыктарды жасоого, тигүүчүлүккө, курулушка жана мал чарбачылыгына жумшай тургандыгын белгилешти.

Эске салсак, долбоор ишке ашкан 4 жыл аралыгында Талас шаарында 380 үй-бүлө “Социалдык келишим” долбоору аркылуу каражат алышкан.

Бул программа аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталып, 2022-жылдан бери мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылып келет.

Кыргызстанда 2026-жылы 13 333 аз камсыз болгон жана муктаж үй-бүлө Социалдык контракт программасынын алкагында 150 миң сомдон каржылык жардам ала алышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.