МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынына катышты
Новость

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынына катышты. 

Күн тартибине ондон ашуун маселе киргизилген жыйынга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын өкмөт башчылары, Армения Республикасынын Вице-премьери, ошондой эле Биримдикке байкоочу мамлекеттердин делегация башчылары жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы катышты. 

Анда сөз сүйлөгөн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, алгач ЕАЭБ органдарына быйыл төрагалык кылып жаткан казак тарапка жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Биримдиктин акыркы беш жыл аралыгындагы негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө жана бир катар маселелерге токтолду. 

“2020-жылга салыштырмалуу 2025-жылга карата ИДПнын өсүү темпи Биримдикке мүчө мамлекеттердин баарында байкалган. Мамлекеттер ортосунда өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү көбөйгөн. Аны менен катар, акыркы беш жылда Кыргыз Республикасында реалдуу экономикалык өсүш болду. Мунун баары биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун туура багыттарын аныктаганын көрсөтүп турат”, — деди МинКаб Төрагасы.

Өсүш көрсөткүчтөрү менен катар Биримдин айрым маселелерине токтолгон МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев ЕАЭБ жөнүндөгү Келишим эмгек миграциясы чөйрөсүндө макулдашылган саясатты ишке ашырууну жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылын камсыз кылууну карарын билдирди.

“Кабыл алынган макулдашуулар жарандар үчүн бул сезимтал чөйрөдө улуттук жөнгө салуучу демилгелерди иштеп чыгууда өз ара аракеттенүү жана бири-бири менен координациялоо толук камсыз кылынбай жатат. Комиссияга биздин өкмөттөр менен бирдикте миграциялык саясат боюнча ведомстволордун жетекчилеринин деңгээлинде консультациялар үчүн туруктуу аянтча түзүү маселесин киргизүүнү сунуш кылам”, - деди ал.

Ал ошондой эле логистиканын натыйжалуулугун камсыз кылуу маселеси бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу бойдон калып жатканын белгиледи. Анын айтымында санариптик чечимдер ачык-айкындуулукту камсыз кылып, логистиканын ылдамдыгын жогорулатат. Өзгөчө учурларда товарларды жеткирүү пункттарында контролдук чаралар жүргүзүлүшү мүмкүн, ошондой эле кошумча салык эсептөөлөр, анын ичинде товарларды конфискациялоо жана жок кылуу сыяктуу зарыл чаралар көрүлмөк.

Мындан тышкары Биримдик “Евразия экономикалык жол” өнүктүрүү Декларациясын ишке ашыруу боюнча Жол картасын ишке ашыра баштаганын, анын алкагында Биримдиктин алдында дымактуу максаттар турганын, аны менен катар Кыргызстан маанилүү деп эсептеген бир катар маселелерди жыйында белгилеп өттү. 

“Санариптик трансформация, өнөр жай кооперациясы жана инновациялар Биримдиктин өнүгүүсүндөгү үч маанилүү багыт. Бүгүнкү күндө Биримдиктин алкагында биз заманбап инфраструктураны ырааттуу өнүктүрүүгө, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого, ченемдик укуктук базаны жакшыртууга тийишпиз. Кабыл алган чечимдерибиз Биримдикке мүчө мамлекеттердин жалпы жарандары үчүн сезилээрлик натыйжа берерине ишенем”, - деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарында жалпы 13 маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйынын Кыргыз Республикасында үстүбүздөгү жылдын август айында өткөрүү чечими кабыл алынды.