Чынгыз Токтобеков Кинематография департаментинин өкүлдөрү менен жолугушту
Новость

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чынгыз Токтобеков Кыргыз кино күндөрүнө катышуу үчүн келген чыгармачыл делегациянын мүчөлөрү менен жолугушту. 

Жолугушууга КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директорунун орун басары Нуралы Байтереков, КР эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубат, ошондой эле аталган департаменттин эл аралык байланыш бөлүмүнүн кызматкери Эрлан Матисаков катышты. 

Башкы консул Чынгыз Токтобеков ийгиликтүү өткөн Кыргыз кино күндөрү менен куттуктап, мындай маданий иш-чаралар кыргыз маданиятын чет өлкөдө жайылтууда жана мекендештерди бириктирүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Ошондой эле ал келечекте консулдук округга караштуу башка шаарларда да кыргыз кинолорун көрсөтүүнү сунуштады. 

Өз кезегинде Кинематография департаментинин директорунун орун басары Нуралы Байтереков бул сунушту кубануу менен кабыл алып, Кыргыз кино күндөрүн уюштурууда жана өткөрүүдөгү колдоосу үчүн Башкы консулдукка ыраазычылык билдирди. 

Белгилей кетсек, кино ишмерлеринен турган делегация Стамбул шаарында өткөн Кыргыз кино күндөрүнө катышуу үчүн келген. Кино күндөрү 24-26-март күндөрү Стамбул шаарындагы “Атлас” кинотеатрында өттү.