Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов: Мал чарба тармагындагы экспорттоочулар үчүн кошумча эсептелген салыктын өлчөмү 20дан 3 пайызга чейин төмөндөтүлөт
Новость

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, 27-мартта, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан келген мал чарба тармагындагы экспорттоочулар жана фермерлер менен жолукту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө чет өлкөлөргө мал жана эт продукциясын экспорттоодо салыкты кошумча эсептөө маселелери талкууланды.

Салык кызматынын төрагасы ишкерлер тарабынан айтылган сунуштарды, сын-пикирлерди жана көйгөйлүү маселелерди укту.

Жолугушуунун катышуучулары түзүлгөн кырдаалдын негизги себептеринин бири – айрым экспорттоочуларда малды сатып алуу наркын тастыктаган баштапкы документтердин жоктугу экендигин белгилешти. Натыйжада салыктык текшерүүлөрдө иш жүзүндөгү чыгымдарды аныктоо мүмкүн болбой, киреше салыгы продукциянын толук сатуу суммасынан кошумча эсептөөгө алып келүүдө.

Эске салсак, буга чейин бул маселени жөнгө салуу максатында мыйзам кабыл алынып, кошумча эсептелген салыктын суммасын 20 пайызга чейин азайтуу каралган. Бул сумманы төлөгөндө калган 80 пайызы, ошондой эле айып пулдар жана туумдар эсептен чыгарылмак.

Ошол эле учурда ишкерлер белгилешкендей, сатуу суммасынын 20 пайызы да алар үчүн олуттуу финансылык жүк бойдон калууда. Эгерде баштапкы документтер болгондо, киреше салыгы сатып алуу жана сатуу бааларынын айырмасынан эсептелип, болжол менен 10 пайызды түзмөк.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Президентинин бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында, Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов мал чарба тармагындагы экспорттоочулар үчүн кошумча эсептелген салыктын өлчөмүн 20 пайыздан 3 пайызга чейин төмөндөтүүнү караган мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелөөнү сунуштады.

Бул демилге ишкерлер тарабынан колдоого алынды.

Салык кызматынын төрагасы ишкерлердин бакубаттуулугу өлкөнүн экономикасынын туруктуулугуна жана өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этерин баса белгиледи.

«Негизги милдет жана башкы талап – мыйзамдуулукту камсыз кылуу, адилеттүү салык салуу жана тартип», – деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.

Салык кызматы салыктык башкарууну өркүндөтүү жана ишкердикти, экспорттук потенциалды өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштерин улантат.

МСКнын басма сөз кызматы