Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 27-мартта, Будапешт шаарында Мажарстандын Премьер-министринин улуттук коопсуздук маселелери боюнча башкы кеңешчиси Марсель Биро менен жолугушту.
Жаңы дүйнөлүк тартипти түзүү процессине тиешелүү маселелер, ошондой эле терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция, киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү актуалдуу чакырыктар жана коркунучтар, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери талкууланды.
Адилет Орозбеков коопсуздук жаатындагы азыркы кырдаал, анын ичинде учурдагы чыр-чатактар аймактык туруктуулукту сактоо жана БУУнун Уставына жана эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерине ылайык тынчтыкты сактоо максатында мамлекеттер аралык аракеттерди олуттуу интеграциялоону жана консолидациялоону талап кылаарын белгиледи.
Жолугушууга Өзбекстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжандын тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку кызмат адамдары да катышты.
