CNN телеканалынын расмий өкүлү УТРКда конокто
Новость

УТРКнын башкы директору Уланбек Сатиев бүгүн CNN телеканалынын расмий өкүлү Имран Ахмад мырзаны кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө УТРК жетекчилиги сыйлуу конокту мекеменин башкы имараты жана материалдык-техникалык базасы менен тааныштырды. Ошондой эле имараттын тарыхый мааниси, архитектуралык өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди. 

Андан соң тараптар сүйлөшүүгө отуруп, эки тараптуу кызматташуу жөнүндө пикир алышты. Жолугушууда келечекте CNN менен УТРК Кыргызстанды эл аралык аудиторияга кеңири тааныштыра турган контент жаратуу жана алмашуу, адистердин тажрыйба алмашуусу боюнча кызматташуу сыяктуу демилгелер да козголду.