Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн короосуна жеңил курулуштарды салууга чектөө коюлду. Тиешелүү буйрукту Курулуш, архитектура жана турак жай чарба министрлиги чыгарды.
Ага ылайык, эми ал жерлерге соода күркөсүн, павильон, бастырма, металл тенттерди, гараж орнотууга болбойт. Бул чара шаар тургундарынын мындай объектилердин мыйзамсыз салынуусуна карата кайрылуусунан улам кабыл алынгандыгы белгиленет. Буга чейин орнотулган курулуштардын тагдыры эмне болору азырынча белгисиз.