Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү жана карт күрткү коркунучу сакталууда
Новость

Өлкөдөгү 2-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан маалымдашты. 

Маалыматта белгиленгендей, төмөндөгү аймактардан абайлаңыздар: 

Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу);

Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-260-290-326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);

Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.