Бүгүн, МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев “2026-жылга балык уулоо сезонунун ачылышы” аттуу эл аралык балык уулоо спорттук иш-чарасына катышты.
Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, Кыргызстан – тоолуу өлкө, ошол эле учурда Кыргызстан – Борбор Азиянын суу мунарасы экенин белгилеп, Кыргызстанда спорттук жана ышкыбоздук балык уулоо үчүн суу объекттери ылайыкташканын билдирди.
“Балык чарбасы – бүгүнкү күндө Кыргызстанда абдан жакшы өнүгүп баратат, ички муктаждыкты толук жапты. Андан тышкары балык азыктарын кеңири экспорттоого жетишип жатат. Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун ихтиология жана гидробиология лабораториясы менен макулдашуу менен Айыл чарба министрлигинин алдындагы Балык чарба департаменти өлкөдөгү балык чарбасына караштуу суу объектилеринде балык уулоо үчүн аңчылар жана балыкчылар менен тыгыз иш алып барып жүрүшөт. Агро-смарт аркылуу электрондук балык уулоочу билет системасы иштеп жатат. Булардын баары — Кыргызстандын табият ресурстарынын масштабын, балык уулоо мүмкүнчүлүктөрүн жана спорттук-балык чарбасынын потенциалын көрсөтөт”, — деди ал.
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев ошондой эле Кыргызстандын балык уулоочу спортчулары да эл аралык чоң мелдештерде өздөрүн көрсөтө баштаганын белгилеп өттү. “Фидер” дисциплинасындагы Кыргызстандын курама командасы 2024-жылы Испанияда өткөн дүйнө чемпионатында 20-орунду ээлеген. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Алдыда апрель айында Италияда 15-дүйнөлүк чемпионат болот. Тузсуз сууда балык уулоо боюнча Эл аралык федерацияга 70 өлкө мүчө болуп кирген. Ага Кыргызстандын курама командасы да активдүү даярданып жатат.
“Урматтуу достор, балык уулоо дегенде эле Эрнест Хемингуэйдин “Чал жана деңиз” же Чыңгыз Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” чыгармалары эске келет. Мен да бала кезимде башка балдардай балык кармаганды абдан жакшы көрчүмүн, көлгө барып балык кармоо азгырык болчу. Балыкты ошончо саат сабыр күтүп кармоо жана кайырмакка илинсе, кыбыр этери менен кандай бакыт курчайт. Ушул чыгармаларда айтылгандай, табият адамды ар качан сынай алат. Сабыр жана үмүт. Табият менен тең салмакта жашоо. Кыйынчылыктан чыгуу – адамдын ички күчүндө, бекем эркинде. Булар табият тартуулаган күчтөр, адамзаттын эч качан жоголбогон ички багыты. Дал ушул спорт – адамдык мыкты сапаттарды калыптандырат. Балык уулоо менен – сабырсыздыкты жеңүү маанилүү. 2026-жылга фидер сезонун расмий түрдө ачык деп жарыялайм”, — деп жарыялайм деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев.
Белгилей кетсек, “2026-жылга балык уулоо сезонунун ачылышы” аттуу балык уулоо спорту боюнча “фидер” дисциплинасындагы эл аралык турнир үстүбүздөгү жылдын 28–29-март күндөрү өткөрүлдү. Эл аралык турнирге Кыргыз Республикасынан, Казакстан Республикасынан жана Өзбекстан Республикксынан фидер багытындагы курама командаларынын атынан 60 спортчу катышты. Жыйынтыгында байге ээлерине атайын сыйлыктар тапшырылды.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 2016-жылы Балык уулоо спорту боюнча федерация расмий түрдө түзүлгөн. Ага байланыштуу МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргызстандын Балык уулоо спорту боюнча федерациясынын түзүлгөндүгүнүн он жылдык мааракеси менен куттуктады.