Чүйдө 12 млн долларлык тери заводу курула баштады
Новость

Бүгүн, 1-апрелде “Асыл Тери” ЖЧКсынын заманбап тери иштетүүчү заводунун курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, завод Чүй агроөнөр жай зонасынын аймагында жайгашкан 103 гектар аянтта салынууда. Аталган долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 12 млн АКШ долларын түзөт. Ошол эле учурда долбоордун сметалык баасы - 5 млн АКШ доллары мамлекет тарабынан каржыланууда. 

Белгилей кетсек, тери заводунун курулушу бүтсө суткасына 24 тоннага чейин чийки тери иштетүүгө мүмкүнчүлүк алат. Мындан тышкары, буга чейин иштетилбей талаага ташталып келген бодо малдын жана башка жандыктардын терилери кайра иштетилип, бут кийим жана тиричилик продукцияларын өндүрүүгө пайдаланылат.