Маданий көпүрө: Кыргыз спектакли Өзбекстанда
Новость

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры бүгүн Өзбекстанда “Акыркы кат” спектаклин тартуулайт. Бул тууралуу театрдан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, театр аталган спектаклди 100 жылдыгынын алкагында бир тууган элдин ынтымагын, маданий алакасын чыңдоо максатында тартуулоо алдында турат. 

Белгилей кетсек, чыгарма Кыргыз эл жазуучусу Кайрат Иманалиевге таандык. Ал эми койгон режиссеру – Уланмырза Карыпбаев.