Монголиянын Улан-Батор шаарындагы көчөлөрдүн бирине Манас ысымы берилет
Новость

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Монголиянын элчиси Содном Ганхуяг менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жолугушууда тараптар кыргыз-монгол кызматташтыгынын муниципалдык деңгээлдеги учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерине көңүл бурушту.

Элчи акыркы жылдары Бишкек шаары ыкчам өнүгүп жатканын белгилеп, алдыда пландалган долбоорлорго ийгилик каалады. Ошондой эле ал Улан-Батор шаарында көчөлөрдүн бирине Манастын ысымын берүү демилгеси каралып жатканын билдирди.

Жолугушууда Монголия Кыргызстан үчүн маанилүү өнөктөш экени белгиленип, Бишкек менен Улан-Батордун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү зарылдыгы айтылды. Мындан тышкары, эки элдин тарыхый-маданий жакындыгы борбор калаадагы көчө аталыштары аркылуу да чагылдырылып келгени белгиленди.