Ак илбирс 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) талисманы болуп тандалды. Бул тууралуу ДКОнун Эл аралык катчылыгынан билдиришти.
Эскерте кетсек, иш-чара 31-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында өтөт. Оюндардын спорттук программасына улуттук спорттун 43 түрү киргизилип, 100дөн ашуун өлкөдөн үч миңден ашык спортчу катышат.
